• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Түптө сел каптаган үйлөр тазаланды. Эртең Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат

15 Баш оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

УУРУЛУККА ШЕКТЕЛГЕНДЕР КАРМАЛДЫ

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынын тургундары болуп чыгышты. Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардын мүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү. Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган тобунун мүчөлөрү тарабынан башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар, же жогун текшеришүүдө.

ТҮПТӨ СЕЛ КАПТАГАН ҮЙЛӨР ТАЗАЛАНДЫ

Түп районунда сел каптаган 98 турак үй жана короо жайлары тазаланды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Корумду айылында 41, Көөчү айылында 24, Талды-Суу айылында 33 үй, 1 мектептин ашканасы, 1 бала бакчанын жертөлөсү, короо жайлары толук тазаланып, 13 ички чарбалык көпүрө жана 5450 метр ички чарбалык жолдор калыбына келтирилген. Ветеринардык кызмат тарабынан өлгөн малдардын тарпы жерге көмүлүп, дезинфекция иштери жүргүзүлгөн. 3 айылда селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 15-августта да улантылат.

БИШКЕКТИН БИР БӨЛҮГҮНДӨ СУУ БОЛБОЙТ

Эртең, 16-августта Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месароша көчөсү, Фучик көчөсү, Профсоюз көчөлөрү менен чектелген аймакта суу болбойт. Ичүүчү сууну өчүрүү абоненттерди Тверская көчөсүндөгү жаңы суу түтүгүнө кайра туташтырууга жана диаметри 150 мм болгон басым бурама тээгин орнотууга байланыштуу. «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 105