• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Түркияда кыргызстандык аял сабалды. Жол кырсыгынан өспүрүмдөр көз жумду

17 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 17-февралга карата коронавирус 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акыркы суткада 216 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 754 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 214 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 601 киши айыгып чыкса, 2 миң 937 адам көз жумду.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 2 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 662-чакырымында (Ташлак айылы) Жигули жана Нива үлгүсүндөгү жеңил унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 4 эркек киши — 1976-жыжы туулган Б.И., 2003-жылы туулган Н.М., 2005-жылы туулган А. у А., жана А.У. (туулган жылы такталууда) жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чийин жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген, бирок 2 эркек киши 2003-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган А. у А. ооруканада каза болгон.

Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу тартылган.

ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫ САБАЛДЫ

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Түркияда күйөөсү сабаган келинге укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, консулдук зомбулук көргөн кыргызстандык келин менен телефондон байланышып, анын Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча кеп-кеңешин берип жатат.

«Аталган факты боюнча Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Кыргызстандын А.Р. аттуу жараны менен телефон аркылуу байланышты. Учурда эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген. Ошону менен бирге ал балдары менен Кепез шаарында ижарага алган батирде жашап жана андан ары Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштырып, ошол жакта калууну көздөп жатканын маалымдады», — деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.

Мындан сырткары сот келиндин күйөөсүнө Кепез шаардык үй-бүлө маселелери боюнча башкармалыгынын буйругу менен бир ай жолугушууга тыюу салган. Бул маселе министрликтин жана Башкы консулдуктун көзөмөлүндө экени белгиленген.

Количество просмотров: 143