• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Түркияга жардам чогултуу уланууда. 27 жаштагы жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылган

9 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ

Бүгүн, 9-март саат 09:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 98 млн 969 миң 794,50 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

ЖАРАН ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛГАН

Ош шаарынын Ы.Монуев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринде 27 жаштагы Т.Э. аттуу эркек мас абалында эшикти ичинен бекитип алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, жерине 4 куткаруучу тартылып, эшикти ачып беришкен.

“Жогоруда аталган жаранды милиция кызматкерлери алып кетишкен”, — деп айтылат маалыматта.

САНАТОРИЙ ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын «Жалал-Абад» санаторийинин (курорт) директорунун орун басары бейтаптардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары «Жалал-Абад» санаторийинин бейтаптарынан акча алып жаткан жеринен кармалган.

Белгиленгендей, кармалган жаран иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 250