• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Таласта салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Коронавирустан 3 адам каза болду

18 Бештин айы 2020 14:19 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 18-декабрга карата дагы 264 адамдан коронавирус илдети табылып, үч киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан соңку бир суткада 395 адам айыкты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий маалыматына ылайык, андан бери коронавирус 78679 кишиге жукту, алардын 1324 каза болуп, 72 051 бейтап айыкты.

Стационарда – 1773 бейтап дарыланууда. Алардын 82си өтө оор, 483ү оор, 1186сы орто абалда жатат. Калгандарынын абалы канааттандырарлык

МАМЫТОВ КМШНЫН ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШАТ

Президенттин милдетин аткаруучу,   төрага Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат.

Жыйын Өзбекстандын төрагалыгы астында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары шериктештик алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу темаларын, уюмду мындан ары өнүктүрүү концепциясын жана биргелешип кызматташууну арттыруу жаатындагы башка маанилүү маселелерди талкуулашат.

Кезектеги жыйындын жыйынтыгы менен бир катар документтер кабыл алынат.

САЛЫК ТӨЛӨӨДӨН КАЧУУ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

Ишкердик субъектинин милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды, — деп билдирет КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык коопсуздукту камсыздоо чараларынын жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык иштерге каршы күрөшүүнүн алкагында, Талас облусундагы жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бири тарабынан 5 миллион сомдон ашык суммадагы милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын (МСКБ) айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген.

Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 60