• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Таластын тургунунун үйүнөн 4 кг марихуана табылды. Ынтымакта гүлбакча курулат

30 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ФИНАНСЫ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

Руслан Сүйналиев финансы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Сүйналиев министрлер кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 28-сентябрындагы №641 буйругуна ылайык дайындалды.

Ал эмгек жамаатына бүгүн, 30-сентябрда тааныштырылды.

ТУРГУНДУН ҮЙҮНӨН БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫ

Таластын тургунунун үйүнөн 4 кг марихуана табылганын ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. Аталган кызматтын Талас облусу боюнча башкармалыгына  жаран баңгизат каражаттарды, тактап айтканда, марихуананы Талас шаарында таратып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (“Сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо”) кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында 56 жаштагы жаран кармалып, жашаган дареги аныкталган. Анын үйүн тинтүү учурунда 4 кг 250 гр марихуана табылып алынган. Иликтөө иштери уланууда.

ЫНТЫМАК КОНУШУНДА ГҮЛБАКЧА КУРУЛАТ

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Ынтымак жаңы конушунда гүлбакча курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, гүлбакчаны Д.Садырбаев – Сакалдуу көчөлөрүнө куруу пландаштырылууда.

Пландалган сумма 12 млн 97 миң 768 сомду түзүп, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 13-октябрына чейин.

Количество просмотров: 151