• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Тамактан уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти. Өлкөдө үгүт өнөктүгү башталды

29 Тогуздун айы 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-октябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду, экөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2666га жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 116 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (54 адам) жана Чүй облусунда (33 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 181 105ке жетти.

Азыр ооруканада 708 бейтап жатат, дагы 699 адам үйдөн дарыланууда.

ӨЛКӨДӨ ҮГҮТ ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ

29-октябрдан баштап Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.

БШКнын маалыматы боюнча, бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкер катталды, жана ошондой эле партиялык система менен шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын арасынан 21и каттоодон өткөн.

Кошумчалай кетсек, бул жолу Жогорку Кеңеште 90 депутат шайланып келет, анын 56сы партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

ТАМАККА УУЛАНГАНДАР 318ГЕ ЖЕТТИ

Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында тамактан уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 22 жабырлануучу стационардык дарылануусун улантып жатат, анын бешөөсү балдар. Улуттук госпиталда – 3, балдар ооруканасында – 5, темир жол ооруканасында – 14 адам.

Эскерте кетсек, “Империя пицца” кафе тармактарында роллдан массалык уулануу болгон.

Бишкекте тамактан массалык уулануу окуясына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.

Количество просмотров: 171