• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Темир заводунда жарылуу болду. Министр Бейшеналиев президентке сунуштама киргизди

30 Бугу 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

КЫЗГА КОЛ САЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкекте милиция кызматкерлери кызга кол салууга шектелген жаранды кармады. Маалыматты Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 28-майда О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал ошол күнү саат 03:20 чамасында 12-кичирайонундагы супермаркеттердин биринде эч себепсиз денесине залал келтирген белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Октябрь РИИБнин маалыматтык каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алынган жаракаттар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын корутундусу даяр болгонго чейин бошотулган.

БЕЙШЕНАЛИЕВ ПРЕЗИДЕНТКЕ СУНУШТАМА БЕРДИ

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларын жана эки директорду кызматтан алуу боюнча президентке сунуштама киргизди.

Министрдин айтымында, сунуштамада саламаттык сактоо министринин орун басарлары Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин жетекчиси Нурдин Кагаздиев, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Катаевдин ысымы бар.

Бейшеналиев буга чейин орун басарларын кызматтан кетирүү боюнча министрлер кабинетине сунуш киргизгендигин билдирди. «Бирок министрлер кабинети чечим кабыл алган жок, ошондуктан президентке сунуштама жөнөттүм», — деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри ведомствонун үч башкармалыгынын башчыларын кызматтан алган.

ТЕМИР ЗАВОДДОН ЖАРЫЛУУ ЧЫКТЫ

Жалал-Абадда темир заводунда темир эритүүчү меш жарылып, 7 адам күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Индустриальный көчөсүнүн №12 дарегинде жайгашкан «Мин-Ксин» темир заводунун аймагында темир эритүүчү меш жарылып, оор күйүк алган 3 эркек: 1993-жылы туулган К.С, 1991-жылы туулган Б.А. жана 1996-жылы туулган А. уулу А. (кыргыз жарандары) тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ошондой эле дагы 4 эркек: 2004-жылы туулган Ж.Э. кыргыз жараны, 1991-жылы туулган Р.С. өзбек жараны жана 2 кытай жарандары 1973-жылы туулган Ш.З., 1993-жылы туулган Л.Х. жеңил күйүк жаракат алышкан, алар медициналык кароодон өткөрүлгөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 614