• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Транспорт министрлигине жаңы техникалар берилди. Баңгизат менен 5 жаран кармалды

17 Теке 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИНЕ ТЕХНИКАЛАР БЕРИЛДИ

Президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 даана жаңы атайын техникаларды тапшырды. Алар жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого колдонулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, мындан бир ай мурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 84 даана жаңы атайын техникалар тапшырылган.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ

2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу тапшырат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт. I тур – 17-июлдан 19-июлга чейин, II тур – 24-июлдан 26-июлга чейин ал эми III тур – 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.

БАНГИЗАТ МЕНЕН 5 АДАМ КАРМАЛДЫ

Ноокат районунда 3 килограммга жакын баңгизат менен беш жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизатын мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну Ж.уулу Д. Ош шаарынан кармалган. Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 40 жаштагы, 39 жаштагы, 43 жаштагы жана 26 жаштагы тургундары  кармалган. Алардын үйлөрүн жана автоунааларын тинтүү учурунда 2 кг 869 гр өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Кармалгандар  Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 63