• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Туркияга жардам эсебине 90 миллион сом чогулду. ЖРТга каттоо ачылды

3 Жалган куран 2023 13:55 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ

Бүгүн, 3-март саат 09:00г карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 90 млн 780 миң 370,37 сом жана 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

ЖРТ КАТООСУ БАШТАЛДЫ

27-февралда өлкө аймагында жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылды. Эми ал 7-апрелге чейин уланмакчы. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Анын айтымында, каттоо акысы 2023-жылы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду түзөт.

«Тест болжол менен 2023-жылдын 19-майынан 24-майына чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча бардыгы болуп 120га жакын тест борбору уюштурулат»,-деди ал.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

  • Паспорт;
  • Орто билим жөнүндөгү аттестат;
  • ЖРТга каттоо акысы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция;
  • талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

МЫЙЗАМСЫЗ ЛОТЕРЕЯ ОЙНОТКОНДОР АНЫКТАЛДЫ

Ош облусунда эки жаран тиешелүү лицензия албай туруп, “Ош сила” аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштургандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө аларга мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу көрсөтмөлөр берилген. Бирок алар көрсөтмөнү эске албай, лотереяны уюштурууну уланткан. Ал эми лотереянын жүрүшү YouTube каналы аркылуу көрсөтүлгөн”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүмү (“Мыйзамсыз ишкердик кылуу”) менен кылмыш иши козголгон. Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда лотерея барабандары, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган.

Количество просмотров: 110