• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Турсунбек Акун Акыйкатчылыкка сунушталды. Украинадан кыргызстандыктар  эвакуацияланууда

1 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 1-мартка карата коронавирус 27 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Акыркы суткада 113 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 173 бейтап, амбулатордук түрдө547 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 527 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 274 киши айыгып чыкса, 2 миң 958 адам каза болду.

АКЫЙКАТЧЫ КЫЗМАТЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР СУНУШТАЛДЫ

Акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлер парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Кыргызстандын акыйкатчысы кызмат ордуна фракциялар тарабынан көрсөтүлгөн төрт талапкерди парламенттин кароосуна жөнөттү.

«Ыйман Нуру» фракциясы Кыргызстандын Акыйкатчы кызматына үч талапкер сунуштады. Алар жарандык активист Бакыт Узенбаев, мурада акыйткачынын орунбасары болуп иштеген Маматурайым Момунов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова.

Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясы Кыргызстандын Акыйкатчы кызматына экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун талапкерлигин сунуштады.

Эске салсак, Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы Токон Мамытов 18-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

УКРАИНАДАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН ЭВАКУАЦИЯЛОО

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы абалга байланыштуу өлкөнүн аймагынан чыгууну каалаган КР жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда.

ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кечээ, 28-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө Кыргызстандын 107 жаранынан (68 чоң адам, 5 студент, 34 жашы жете элек) турган биринчи эвакуациялык колонна Киев шаарынан Украина менен Венгриянын чек арасына автобус менен жөнөп кетти. Бул чыгуу КРнын Украинадагы элчилиги тарабынан КРнын Харьков шаарындагы ардактуу консулу Вадим Туманяндын жардамы менен ишке ашты. Элчиликтин кызматкерлери КРнын жарандарын бардык каттам боюнча коштоп жүрүшөт.

Украина-Венгрия чек арасынан өтүү маселеси КРнын Венгриядагы элчилиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери Венгрия-Украина чек арасында жарандарды тосуп алып, керектүү жардамдарды көрсөтүшөт.

Кыргызстандын жарандарын Венгрия-Украина чек арасынан Будапешт эл аралык аэропортуна жеткирүү Венгриядагы элчилик тарабынан жана КРнын Венгриядагы ардактуу консулу Эндр Эрдоштун жардамы менен уюштурулган.

Количество просмотров: 78