• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК Абылгазиевдин байлыктарын жарыялады. Коронавирус дагы 3 адамдын өмүрүн алды

27 Үчтүн айы 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 27-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан 3 адам каза болуп, 107 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1405 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 175 адамга жетти.

Стационарда дарыланууда – 607 бейтап, алардын ичинен 6 адам канааттандыраарлык абалда, 366 адам орто, 210 киши оор, 25 адам өзгөчө оор абалда жатат. Ал эми үйүнөн 900 бейтап дарыланып жатат.

АБЫЛГАЗИЕВ КАРМАЛДЫ

Мухаммедкалый Абылгазиев УКМКнын абагына камалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев премьер-министр болуп турганда токтомго кол коюп, ал документке ылайык, «Кумтор голд компани» Жабык акционердик коомуна геологиялык чалгындоо жана алтын казып алуу үчүн кошумча жер бөлүнүп берилген. Жер тилкесинин жалпы аянты эки эсе көбөйүп, 26,3 миң гектарды түзүп, ага мөңгүлөр жана коруктар кирген.

«Буга чейин жаратылыш комплекстерин, биологиялык жана ландшафтык аймактарды жана Кызыл китепке киргизилген жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоп калуу максатында кен казып алуу аймагын кеңейтүүгө тыюу салуучу токтом бар эле. Бул аймактарды иштетүү Ысык-Көлдүн биосфералык аймагына залалын тийгизмек», — дешет УКМК кызматкерлери.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп активдерин кыйла көбөйтүп, Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк сатып алып, аны башка адамдардын наамына каттаган.

ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨГҮ ЖОЛ КЫРСЫГЫ

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 26-январь күнү саат 23:43тө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында BMW 525 жана Subaru Legasy үлгүлөрүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болуп, 8 адам жабыркаган.

Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген. Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 69