• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК ЖК депутаты жасалма диплом колдонгонун аныктады. Коронавирустан 9 адам көз жумду

14 Кулжа 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, соңку бир күндө вирустан тогуз киши көз жумду. Каза болгондордун жалпы саны 1899 кишиге жетти.

14-июнга карата коронавирус жуккан дагы 459 адам катталды. Оору жуктуруп алгандардын жалпы саны 110 829га жетти. Бир суткада 257 киши вирустан айыкты, 2041 адам ооруканада, 2 949 киши үйүнөн дарыланууда.

Ооруканада жаткандардын 582си оор, 96сы өтө оор абалда.

ДЕПУТАТТЫН ЖАСАЛМА ДИПЛОМУ АНЫКТАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «З.Т.З.» аттуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер жасалма дипломду колдонгону аныкталганын билдирди. Ага ылайык, депутат билим алуу үчүн акы төлөбөгөндүктөн 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган.

Андан кийин, ал Кыргыз улуттук университетинин диплому делген жасалма документти Ош мамлекеттик университетине тапшырууда колдонгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде экинчи жогорку билим алган.  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттен алынган жоопко караганда, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка адамга берилген.

УКМК тараткан маалыматтагы «З.Т.З» деген депутаттын ысымы ушул тушта Кумтөргө байланыштуу атайын кызматтын тергөө абагында жаткан, Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закировичтин аты-жөнүнө туура келет. Ал КСДП фракциясынын депутаты, 2012-2015-жылдары вице-спикер болгон.

СУГАТ СУУ ТАРТЫШ ДЕГЕНДЕР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бүгүн, 14-июнда Чүй облусундагы Сокулук, Аламүдүн районунун тургундары сугат суунун тартыштыгына байланыштуу өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Акцияга Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышановский айыл өкмөттөрүнүн 50дөн ашуун дыйканы чогулган.

Алар суу тартыштыгынан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп жатканын айтып нааразы болушту. Дыйкандар менен президенттин администрациясынын Агро өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алымкул Кулуев жолукту.

“Биз жаралган маселени көзөмөлдөйбүз, сууну ченеп беришет. Керек болсо күмөн болбошу үчүн силер да адамдарыңарды кошуп бергиле. Азыр жеринен кырдаал менен таанышып, сууну бөлүштүрөбүз ”, – деди Кулуев.

Количество просмотров: 150