• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Улуттук банк доллар сатты. Акыркы коңгуроо салтанаты тынч өттү

26 Бугу 202314:17 Бишкек Govori.TV

УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТТЫ

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна интервенция жасады. Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 2 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 60 млн доллар саткан. Ошентип өлкөнүн башкы банкы 25-майда жалпы 62,2 млн доллар саткан.

Белгилей кетсек, бул май айында жасалган биринчи, ал эми жыл башынан берки 9чу интервенция. Улуттук банк валюта рыногуна жалпы 415 млн 670 миң доллар саткан.

Учурда чет элдик валютанын расмий курсу 87,59 сомду көрсөтүүдө.

АБУ-ДАБИ – БИШКЕК АБА КАТТАМЫ АЧЫЛАТ

1-июндан тарта Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча эки өлкөнүн борборун бириктирген үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэрпортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» аэропортунан Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылмакчы.

Каттамдар жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ТЫНЧ ӨТТҮ

Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты эч кандай өзгөчө кырдаалсыз, тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкери жана 52 милициянын көчмө кабылдамасы жооптуу болду. Бардык мектептерде балдар иштери боюнча инспекторлор, милициянын участкалык инспекторлору жана ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.

Учурда өлкөдө абал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Количество просмотров: 106