• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Унаа сайга кулап кетти. Таксистке 14 жолу бычак сайган шектүү кармалды

13 Теке 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

УНАА САЙГА КУЛАП КЕТТИ                                     

Баткенде унаа сайга кулап кетти. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Дружба көчөсүндө айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, сайга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жүргүнчүлөр тарабынан унаа чыгарылган.

Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Жерине 3 куткаруучу тартылган.

ТАКСИСТКЕ КОЛ САЛГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Чүйдө таксистке 14 жолу бычак шилтеген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм кармалып, учурда сурак берип жатат.

Эске салсак, 10-июлга караган түнү эркек киши Бишкектеги Туңгуч кичи районунан таксиге отуруп, айдоочудан Новопавловка айылына жеткирип коюуну өтүнгөн. Алар белгиленген жерге жеткен соң кылмышкер айдоочуга бычак менен кол салган. Автоунаанын ачкычын алууга аракет кылып, бирок таксист каршылык көрсөтүп, качканга жетишкен.

Кол салган адам из жашырган. Таксисттин ооруканага жаткырылып, 14 жолу бычак жеген. Шектүүнү тартип сакчылары издеп жатышкан.

КАРА КУУРАЙ ЖОК КЫЛЫНДЫ

Ысык-Көлдө «Кара-Куурай» операциясынын алкагында 40 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Иш-чара Ысык-Көл облустук милициясынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Баңги өсүмдүгүн жок кылуу максатында 40 тоннадан ашык жапайы кара куурай 20 гектардан ашык аянттан кол жана механикалык жол менен чабылган. Андан кийин ал жеринде өрттөлүп жок кылынган.

Количество просмотров: 85