• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Өзгөндө белгисиз адамдар үч кишини атып кетти. Коронавирустан 2 адам каза болду

19 Жалган куран 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы эки бейтаптын өмүрүн алды.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 19-мартта билдиргендей, бир суткада вирус 96 кишиден жаңы аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1487 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 239 киши болду. Анын 84 084ү айыгып чыкты.

САЛЫКЧЫЛАР ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары («К.У.К») жана Бишкек шаарынын Ленин райондук башкармалыгынын инспектору («У.А.А.») 240 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдады.

Анда айтылгандай, эки кызматкер акчаны салык төлөөдөн баш тартууга жардам бергени үчүн сый акы катары талап кылган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жасалма документтерди жасашкан.

Анын негизинде импорттук товарларга салыктык чегерүүнү алып салгандыгы аныкталды.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ОШТО 3 АДАМДЫ АТЫП КЕТИШТИ

Ошто белгисиз адамдар үч кишини атып кетти. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 19-мартка караган түнү окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч кишиге таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз адамдар ок чыгарган.

“Кол салуудан улам 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. 31 жаштагы дагы бир жарандын абалы оор. Жабырлануучу Өзгөн райондук аймактык ооруканасында жатат. Кылмышка шектүүлөр окуя болгон жерден качып кеткен. Аларга издөө жарыяланды”,-деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Количество просмотров: 172