• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Жөө адамды сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды. Коронавирустан дагы 3 бейтап каза болду

19 Үчтүн айы 202114:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус дагы 90 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдиргендей,  COVID-19 илдетинен каза болгондор  Бишкектин 2 жана Ош облусунда – 1 тургуну болгон

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери маалымдагандай, бир сутка ичинде 145 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 268 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 79 миң 249 киши айыгып чыкса, 1 миң 390 адам каза болду.

АЙДООЧУ ЖАРАНДЫ СҮЗҮП, КАЧЫП КЕТКЕН

Токмок шаарында «Ауди 100» унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жөө адамды сүзүп кетип, изин жашырып качып кеткен. Окуя кечээ, 18-январда болжол менен саат 8:00 чамасында Шамсин жана Ключевая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучу ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Ал эми милиционерлер «Ауди 100» унаасынын айдоочусун кармашты. Ал Токмок шаарынын 62 жаштагы тургуну А.Н. экендиги белгилүү болду. Учурда унаа айып короосуна токтотулган, ал эми айдоочусу Токмок милициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөн.

ӨРТТӨ БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ

Чүй облусунун Панфилов районунун Каптал-Арык айылында турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 6 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 47 жаштагы эркек киши каза болгон. «Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Количество просмотров: 52