ЖАҢЫ АВТОБУС КАТТАМДАРЫ ИШКЕ ЧЫКТЫ
Бишкек шаарынын мэриясы №102 жана №162 автобус каттамы ишке киргенин кабарлады. Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген.
№102 автобус Рухий- Мурас жаңы конушунан Ош базарына чейин каттайт. Узундугу 25,5 чакырым. Автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамга 12 автобус чыгат.
№162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 чакырым, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат.
БАНК АЙЫПКА ЖЫГЫЛДЫ
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка 124 миң сом айып салды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, коммерциялык банк маалыматтарды жана документтерди берүүнүн тартибин жана мөөнөтүн бузгандыгы үчүн контролго тийиш болгон операциялар боюнча отчетторду берүүнүн талаптарын, тартибин жана мөөнөтүн бузгандыгы үчүн, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү КР мыйзамдарында белгиленген, КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылган.
Белгиленгендей, коммерциялык банкка жалпы суммасы 124 миң сомдук 2 айып салынды.
БИР СУТКАДА 13 ӨРТ КАТТАЛДЫ
Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 4, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт катталды.