• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Жаңы кодекстерге жумшалган каражаттарды иликтөө сунушталды

23 Үчтүн айы 201919:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.

Жаңы кодекстерге жумшалган 13,6 млн. евронун чоо-жайын иликтөө сунушталды
Соттук-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында каралган 13,6 млн. евро каражаттын кайда жана кандай жумшалганын текшериш керек. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев айтып чыкты. Ал эми депутат Акылбек Жапаров бул каражаттын 3 млн. евросу калкка түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалганын, бирок жарандардын жаңы кодекстер тууралуу түшүнүгү жок болуп жатканын белгиледи. — Каражат натыйжасыз чыгымдалган, ошондуктан соттук-укуктук реформанын алкагында жүргүзүлчү иш-чаралардын экинчи фазасына бөлүнгөн каражатты кимдир-бирөөлөр эмес, Финансы министрлиги башкарып, каражаттын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш, — деди ал. Жогорку Кеңеш 1-январда күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү мекеменин жетекчилери катышууда.


5500 сом айып кантип эсептелгени жөнүндө түшүндүрмө берилди
Жогорку Кеңеш 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Эл өкүлү Үмбөталы Кадыралиев 5,5 миң айып кантип, эмненин негизинде эсептелгенине кызыкты. -Айып пулдар боюнча коомчулук кыжырданып жатат. 5,5 миң сом кайдан алынды? Жашоо деңгээлин, айлык акыны баары билет. Мында эч кандай логика жок болуп жатат? Депутаттын бул суроосуна эксперттик топтун мүчөсү Тахмина Шералиева жооп берип, эсептик көрсөткүч 100 сом бойдон калганын, бирок айып пулдар категорияга карап бөлүнө турганын билдирди. – Ар бир кодексте айып пулдардын, жазанын градациясы бар, ал боюнча эсептесе болот. Айып пул жоруктардын түрүнө карап көтөрүлүп кете берет. Жоруктар эң аз айып пул менен белгиленген, ошондуктан логика бар. Мурда деле айып пулду иштеп чыкканда эч качан маянага байлаган эмес.


Кыргыз курамасын тосуп алуу иш-чарасы Ала-Тоо аянтында өтөт
24-январда саат 15:00дө «Ала-Тоо» аянтында футбол боюнча Кыргыз курама командасынын катышуусунда чоң концерт болот. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөт өкүлдөрү да катышат. Эске салсак, футболчулар 24-январда таңкы саат 5те мекенине учуп келишет. «Аэропортко баруу футбол күйөрмандары үчүн ыңгайсыз болушу ыктымал. Каалоочулар көп, бирок аэропорт жабык объект болгондуктан бардык күйөрмандар менен жолугушууну борбордук аянтта өткөрүү чечими кабыл алынды. Футбол сүйүүчүлөрүн «Ала-Тоо» аянтында күтөбүз», — деп айтылат маалыматта. 21-январда футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктап, анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утуп алды. Кыргыз улуттук курамасына мелдешке катышкандыгы үчүн 200 миң доллар сыйлык тапшырылат.

Количество просмотров: 13