• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жаңжалда курман болгон үч чек арачыга «Эрдик» медалы ыйгарылды. Кайра шайлоо 11-июлда өтөт

28 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 28-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 7 адам каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1788 кишиге жетти. Вирус акыркы бир суткада дагы 283 кишиден аныкталды.

Расмий маалымат боюнча ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 103 866 адам жугузуп алды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 97 542 болду. Учурда 1658 киши стационарда дарыланып жатат. 1854 адам үйүнөн дарыланууда.

11-ИЮЛДА ШАЙЛОО ӨТӨТ

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Президент Садыр Жапаров жаңы шайлоо дайындаганы расмий кабарланды.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Жогоруда аталган үч шаарда добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү жокко чыгарылгандан кийин президент 30 күн ичинде кайра шайлоону дайындап, 40 күн аралыгында датасы аныкталууга тийиш

ЧЕК АРАДА КАЗА БОЛГОН АСКЕРЛЕРГЕ “ЭРДИК” БЕРИЛДИ

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аскердик парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн курман болгондон кийин  аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитандары  Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович, Манасбек уулу Нурсултан жана Чек ара кызматынын прапорщиги Юлдашев Бекзодбек Давлатбекович сыйланат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Каза болгондордун үчөө чек ара кызматкерлери болгон. Ал эми Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын билдирген.

Количество просмотров: 126