• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жалал-Абадда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бишкек — Астана авиакаттамы жанданат

1 Кулжа 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ТИТИРЕДИ 

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институнун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 1-июнда саат 09:21де катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында 4,5 балл ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу,Кызыл-Капчыгай айылдарында 4балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнч, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ШЕНГЕН ВИЗАСЫН ЖАСАГАНДАР АНЫКТАЛДЫ

Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ведоствонун маалыматына ылайык, чет элдик жарандарды туристтерге жамынтып, Кыргызстандын аймагы аркылуу Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу боюнча эл аралык каналдын уюштуруучуларынын иш-аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду.

2023-жылдын 30-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалма шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды жана мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан 40тан ашык чет элдик жаран такталды.

Тергөө уланууда. 

АСТАНА-БИШКЕК АБА КАТТАМЫ ЖАНДАНАТ

10-июндан тарта Астана – Бишкек — Астана багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам жанданат.

“Манас” эл аралык аэропортунун” басма сөз кызматынан билдиришкендей, FlyArystan авиакомпаниясы каттамдарды жумасына 2 жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат.

Учуу убактысы 2 саат.

“Манас”эл аралык аэропорту” ААК авиакаттамга байланыштуу суроолор жаралса, FlyArystan авиакомпаниясы менен түз байланышууну сунуштайт

Количество просмотров: 79