КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 22-сентябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2595 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 72 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (37 адам).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 941 адамга жетти.
Бир күндө 100 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 542 адам жатат, дагы 862 бейтап үйдөн дарыланууда.
ЖАПАРОВ САУД АРАБИЯГА БАРАТ
Президент Садыр Жапарова Сауд Арабия Каролдугуна расмий сапары менен барат, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль Ради менен жолугушуу учурунда.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов Кыргызстан Сауд Арабиясы менен кызматташууну андан ары прогрессивдүү өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин айтты.
Ал ошондой эле келерки жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгилене турганын билдирип, 2022-жылды Кыргызстан менен Сауд Арабия Королдугунун элдеринин достук жылы деп жарыялоону сунуштады. Анын алкагында экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар кыл иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Элчи Ибрагим Аль Ради министрлер кабинетинин башчысынын демилгесин колдой турганын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.
УКМК КЫЗМАТКЕРИМИН ДЕГЕН АЛДАМЧЫ КАРМАЛДЫ
Ысык-Көлдө өзүн «Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында иштейм» деп тааныштырып, акча талап кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
20-сентябрда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлама түшкөн. Анда айтылгандай, бейтааныш жигит Чолпон-Атадагы дарыканаларга УКМК кызматкери катары кирип, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ар кандай шылтоолор менен 5 миң сомдон талап кылып жүргөн.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 359-беренеси менен катталып, иликтөө иштери башталган.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында айтылган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 34 жаштагы тургуну кармалып, Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.