• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берилди. Өзгөн айланма жолун курууга даярдыктар

10 Үчтүн айы 2024 14:13 Бишкек Govori.TV

ЖК ЖАМГЫРЧИЕВДИ ЖООПКО ТАРТУУГА МАКУЛ БОЛДУ

Бүгүн, 10-январдагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы прокурордун сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу маселе каралды. Жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Башкы прокуроруна депутат Эмил Жамгырчиевди 378-берене (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 27-декабрдагы жыйынында Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө КР Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

ЖУМУШКА ОРНОШТУРАМ ДЕП АЛДАП КЕТКЕН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген жаран алдамчылыкка шектүү катары кармалды. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын август айында Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген  жаран алдоо жолу менен башка жарандын ишенимине кирип, мамлекеттик каттоо кызматына жумушка киргизем деп 110 миң сом акча каражатын алып, бирок жумушка киргизбей, же алган акчасын кайтарып бербей качып кеткен.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция шектүү катары Ош шаарында калкты тейлөө кызматында башкы оператор болуп иштеген 30 жаштагы жаранды кармаган.

Тергөө улантылып жатат.

АЙЛАНМА ЖОЛ КУРУУГА ДАЯРДЫКТАР

Өзгөн айланма жолун куруу үчүн Кара-Дарыянын жээги бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин президент Садыр Жапаров Өзгөн шаарын айланып өткөн айланма жол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылын азайтуу максатында кабыл алынган.

Количество просмотров: 72