ЖАПАРОВ АСТАНАГА КЕТТИ
Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн “Астана” Конгресс-борборуна келди.
Иш-чара саламдашуу аземи жана форумга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын биргелешип сүрөткө түшүрүү менен башталды.
Форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине арналган.
КЕМПИР-АБАДГА ЖАШ ЖИГИТ ЧӨГҮП КЕТТИ
Өзгөн районунун Айгыржал айылындагы Кемпир-Абад суу сактагычына 19 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, билдирүү түшөр замат жерине 10 куткаруучу тартылган. Алар жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
ӨРТТӨН ЭКИ АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
Жалал-Абад облусунда өрт кырсыгынан 2 жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылында А. Нураков №1 көчөсүндө жалпы аянты 308 чарчы метр чайкана толугу менен күйгөн.
«Өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар тарабынан эки адамдын жансыз денеси күйгөн аймактан чыгарылып, РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.