ЖАПАРОВ ТҮШТҮККӨ БАРАТ
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Жапаров 27-31-июлда өлкөнүн түштүгүндө болот.
Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышат жана бул аймактардагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.
КАРЫЗЫ БАР АБОНЕНТТЕР ӨЧҮРҮЛӨТ
Бүгүн, 27-июлдан тарта Бишкекте 6200дөн ашык турак-жай абоненттеринин электр энергиясы дебитордук карызынан улам өчөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактар» ишканасынан билдиришти.
Ишкана абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
Белгиленгендей, турак-жай абоненттери өз балансын “Менин жарыгым” мобилдик тиркемеси аркылуу “Play Market” жана “AppStore” онлайн аянтчалардан жүктөп алып, биле алышат.
ӨКМ ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-июлунан 30-июлуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ сел-кыян каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн, чарбактардын жанындагы арыктарды таза кармоону эскертти.