• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жапаров премьерлик кызматка кайтып келбейт. Коронавирустан 3 адам көз жумду

12 Үчтүн айы 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

12-январга карата Кыргызстанда дагы 115 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду. Каза тапкандардын экөө Бишкекте, бири Ысык-Көл облусунда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 495 адамга жетти. Алардын лабораториялык жол менен тастыкталганы — 43 204, клиникалык-эпидемиологиялык жол менен (пневмония) тасыкталганы — 39291».

Жалпы ооругандарды 78 181и сакайды. Соңку бир күндө 178 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

ЖАПАРОВ ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫКТЫ ТАПШЫРАТ

Шайлоого байланыштуу премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтоткон Садыр Жапаров аталган кызматка кайтып келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Рысалиев билдирди.

«Инаугурациядан кийин ал расмий түрдө премьер-министрлик ыйгарым укуктарынан баш тартат. Азырынча премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарып турат», — деди ал.

Премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 2020-жылы 14-ноябрда убактылуу ыйгарым укуктарын токтоткон. 10-январда ал шайлоочулардын 79 пайыз добушуна ээ болуп, жеңишке жетишти.

УКМК САЙПИДИНОВДУ КАРМАДЫ

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Айыл өкмөт башчы кечээ, 11-январда кармалган. Ал Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы 1 миллион сомго негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Ошондой эле ал аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай эксплуатацияга берүүгө макул болгон.

Мындан сырткары Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы туурасында сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат. Бул иш боюнча күбө катары сурак берүүдө.

Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Количество просмотров: 87