• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга чакырды. Төө-Ашууда чектөөлөр кирет

18 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ КЫТАЙ ЛИДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Президент Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Пекинде өткөн жолугушууда билдирди.

Жапаров Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда чет элдик инвесторлор менен ишкерлердин бизнес жүргүзүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон аракеттер жасалып жатканына өзгөчө көңүл бурду.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

ТӨӨ-АШУУДА ЧЕКТӨӨЛӨР КИРЕТ

19-майдан тартып оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Маалыматка ылайык, туннелдин электр чубалгылары алмаштыруу, дубалдарын актоо жана сырдоо иштери жүргүзүлөт.

Ошентип, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин туннель жабык болот.

Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет.

ЖЕР КӨЧКҮ АКТИВДЕШИП, КОРКУНУЧ ЖАРАЛДЫ

Алай районунун Будалык айыл аймагындагы Кум-Шоро айылында эски жер көчкүсү активдешип, 2 турак үйгө коркунуч жаралды. Маалыматка ылайык, жер көчкү бир күн ичинде 1 метр аралыкка жылган. Көчкүнүн болжолдуу көлөмү 334 миң 500м³ түзөт.

ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти, ӨКМ куткаруучулары, райондук жарандык коргонуу башчысы, Будалык айыл аймагынын башчысы жана жарандык коргонуу адиси жер көчкү активдешкен аймакка барышты.

Учурда 2 турак үйдүн жарандары коопсуз жайдагы туугандарыныкына көчүрүлүп, жер көчкү айыл аймактын башчысынын көзөмөлүнө алынды.

Количество просмотров: 54