• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровду Россияга кимдер коштоп кетти? Өз кызын зордуктоого шектелген адам кармалды

26 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ РОССИЯГА КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамына Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев; Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат кирген.

ӨЗ КЫЗЫН ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ

Сокулук районунда 42 жаштагы киши өз кызын зордуктоого шектелүүдө. Чүй ОИИБден кабарлашкандай, 24-декабрда 1987-жылы туулган Б.Е. аттуу аял милицияга кайрылып, 23-декабрда таңкы саат 07:00дөр чамасында 1980-жылкы У.Э. аттуу жолдошу Күн-Туудагы үйүндө 2009-жылы туулган кызына күч колдонуп зордуктагандыгын билдирген.

Факты катталып, «зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, камакка алынган.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ 10 УЧУРУ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда 19-декабрдан 25-декабрга чейинки аралыкта COVID-19дун 10 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен үч бейтап ооруканага жаткырылган, жетиси амбулатордук дарылануудан өтүүдө.

“Кыргызстандын бардык облусу «жашыл зонада». 2022-жылдын 11 ай жана 26 күн аралыгында коронавирустук инфекциясынын жалпы 21 миң 820 учуру катталган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 263