• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун фейсбуктагы баракчасы уурдалды. Пара талап кылган милиционерлер кармалды

4 Жалган куран 202114:06 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-марттагы маалыматына караганда, коронавирус 54 адамдан табылды.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 410 адамга жетти. Вирустан айыгып чыккандардын саны — 83 325.

Азыркы тапта ооруканада 368 бейтап бар, алардын 98инин абалы оор, 17си өтө оор абалда дарыланып жатат.

Үйүнөн 258 адам дарыланууда. 3-мартка карата медицина кызматкерлерине коронавирус жуккан учур катталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны — 4205. Анын 4186ы айыгып чыкты.

МИЛИЦИОНЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.

Маалым болгондой, алар 2-мартта жабыркаган адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан. Калган 25 миң сомду алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.

ЖАПАРОВДУН ФЕЙСБУК БАРАКЧАСЫ БУЗУЛДУ

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактардагы мамлекет башчысынын баракчасындагы акыркы комментарийлерге байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Президент Садыр Жапаровдун Фейсбук социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жайгаштырылган акыркы комментарийлерге Мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт», — деп белгиледи Галина Байтерек.

Эске салсак, буга чейин активист Улан Үсөйүн соцтармактагы баракчасына Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө пикирин жазган.

Анда депутат Дастан Бекешевдин жаңы Конституцияны сынга алган “Фейсбуктагы” видеонун алдында “Садыр Жапаров” аттуу колдонуучу: “көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын – помощник” деген пикир жазган.

Количество просмотров: 260