• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун инаугурациясына экс-президенттер чакырылды. Коронавирустан дагы 1 адам көз жумду

26 Үчтүн айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 26-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза тапты. 97 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1402 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 068​ адамга жетти.

Азыр ооруканада 643 адам жатат, дагы 907 бейтап үйдөн дарыланууда.

25-январда медициналык кызматкерге коронавирус жуккан учур катталган жок.

ЖАПАРОВДУН ИНАУГУРАЦИЯСЫНАН ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТЕР ЧАКЫРЫЛДЫ

Бишкекте 28-январда өтчү шайланган президент Садыр Жапаровдун салтанаттуу ант берүү аземине экс президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков чакырылды.

«Биз экс президенттердин баарына, анын ичинде Отунбаева, Жээнбековго чакыруу жибердик. Алмазбек Атамбаев белгилүү себептер менен келе албайт да. Ошондой эле шайланган президент Садыр Жапаров өзү менен чогуу шайлоодо ат салышкан бардык атаандаштарын да инаугурацияга чакырды. Ал өзү бардык саясий күчтөрдү биригүүгө үндөп жатпайбы», — деп айтылат президенттин басма сө кызматынын маалыматында.

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

ЖАСАЛМА СҮТ ӨНДҮРГӨНДӨР КАРМАЛДЫ

Бишкек шаардык финансы полициясы “FRIMA” маркасындагы жасалма кургак сүт өндүргөн кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кургак сүт санитардык нормаларга туура келбеген шарттарда жасалган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси, товарларды же кызматтарды мыйзамсыз жасоо боюнча каттоого алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 171