• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жээнбеков Баткенге учту. “Кырк чоронун” лидерине 3000 сом айып салынды

10 Жалган куран 2020 14:15 Бишкек Govori.TV

ЖЭЭНБЕКОВ БАТКЕНГЕ КЕТТИ
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 10-мартта мамлекет башчысы Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен учуп кеткенин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат. Мындан сырткары Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат. Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган болчу.


ЖАШ КЫЗДЫ СҮЗҮП КЕТКЕН КИШИ КАРМАЛДЫ
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу табылды.
Маалыматка ылайык, окуя Садырбаев менен Семетей көчөлөрүнүн кесилишинде 2-март күнү болжол менен саат 11:30 чамасында болгон. Айдоочу 2008-жылы туулган кызды сүзүп, качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу кыз №3 шаардык ооруканага жеткирилген.
«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7-мартта «Мазда» үлгүсүндөгү унаанын 1965-жылы туулган айдоочу кармалды. Ал Бишек ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Бул факт Жазык кодексиндеги 155-берене (автотранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат маалыматта.


“КЫРК ЧОРОНУН” ЛИДЕРИНЕ АЙЫП САЛЫНДЫ
«Кырк чоро» кыймылынын лидери Замир Көчөрбаевге 3000 сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта АКИpress агенттигине З.Көчөрбаев өзү билдирди.
Анын айтымында, өзүнө жана дагы башка адамдарга Бузуулар жөнүндө кодекстин 82-беренеси (ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча айып чегерилди. Ал кыймылдын мүчөлөрү Бишкекте өткөн аялдар маршында эч кандай эреже бузбаганын кошумчалады.
Буга чейин Свердлов РИИБ билдиргендей, аялдар маршына катышкан 6 аял кишиге жана 5 эркек адамга айып салынган.

Количество просмотров: 145