• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов кармалды. Токтомушевдин тарапкерлеринин акциясы өтүүдө

11 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 11-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Ош облусунда бир адам каза тапты. 75 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1437 кишиге жетти.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 328 адам болду. Андан айыгып чыккандар — 82 006 адам.
Ооруканада 427 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 26сы өтө оор абалда, 117си оор болуп жатат. 522 бейтап амбулатордук негизде дарыланууда.

ТОКТО МУШЕВДИ КОЛДОО МИТИНГИ ӨТТҮ

Бүгүн, 11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында 30-40 чакты адам чогулуп, муфтийликтен кеткенин жарыялаган Максатбек Токтомушевдин ишин калыс иликтөө жана аны камактан бошотуу керек деген пикирин билдирип жатышат.

Алар колуна “Максат ажы Токтомушев – элдин сыймыгы”, “Максат ажы Токтомушевге боштондук” деген жазууларды кармап турушат.

10-февралда УКМК Токтомушевди муфтияттын башкы эсепчисине байланыштуу каралып жаткан иштин алкагында «кылмышка шектүү» деп кармады. Буга чейин муфтияттын башкы эсепчисине УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча иш ачылып, сотко чейинки териштирүү башталганы маалымдалган. Токтомушев 10-февралда өз каалоосу менен кызматын тапшырып жатканы белгилүү болгон.

ЖЕНГО КАРМАЛДЫ

11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында «Женго» каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын «көзөмөлдөгөн кримтөбөл» деген Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Досонов Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алынып келинди жана атайын кызматтын убактылуу камак жайына киргизилди.

Буга чейин Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барганын «Фейсбук» баракчасына жазган.

УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган.

Количество просмотров: 252