• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: ЖКда Кемпир-Абад боюнча талкуу жабык өтөт. Алиев Кыргызстанга келет

10 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРА БОЮНЧА ЖЫЙЫН ЖАБЫК ӨТТҮ

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун талкууланууда.

Жыйын алгач жабык болуп, кийин көпчүлүктүн талабы менен Жогорку Кеңштин Ютуб каналынан көрсөтө баштаган. Бирок УКМКнын видео камерасынан башка журналистердин камералары киргизилген эмес.

Депутат Адахан Мадумаров комитетке келишимдин долбоорлору 3 күн мурда депутаттарга берилиши керектигин белгилеп, регламент бузуулуу менен өтүп жатканын билдирди.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору комитетке бүгүн гана келип түшкөнүн белгилеп, бүгүн долбоор боюнча чечим кабыл алынбай тургандыгын айтты.

Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, бир катар саясатчылар жана депутаттар катышууда.

ӨЛКӨГӨ АЗЕРБАЙЖАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛЕТ

Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет. Анын сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат. Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда. Мындан тышкары, алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында «Кыргызстан-Азербайжан достугу» сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

АЛА-АРЧАДА ЭКИ ЖАРАН КУРКАРЫЛДЫ

Ала-Арча капчыгайында адашып кеткен 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын Бөйрөк тилкесинде 1987-жылы туулган П.А. аттуу эркек жана 1999-жылы туулган Ж.К. аттуу аял (Бишкек шаарынын тургундары) жолдон адашып, түшө албай калышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, аталган тилкеден жарандарды түшүрүшкөн. Абалдары жакшы, жабыркаган эмес.

Количество просмотров: 271