• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жол кирени 19 сомго чейин көтөрүү каралууда. Бишкекте кумарканалар ачылабы?

27 Чын куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен беш адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1589 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 247 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 277 адамга жетти.

Бир күндө 203 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1469 адам жатат, дагы 1817 бейтап үйдөн дарыланууда

ЖОЛ КИРЕ КӨТӨРҮЛӨТ

Бишкек шаар башкармалыгы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыкты.

Биринчи вариант — азыркы бааны калтыруу, экинчиси — автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант — автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.

Жол кире акыркы жолу 2012-жылдын 1-майында көтөрүлгөн. 2021-жылдын январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыккан. Алар талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

БИШКЕКТЕ КУМАРКАНАЛАР АЧЫЛАБЫ

Өкмөткө сунуш киргизүүнү айттым, кумаркана өлкөнүн бардык жагында ошол эле Бишкекте, облус борборлорундагы шаарларда ачылсын деп жатам. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 26-апрелде “Пирамида” телеканалына түз эфирде маек куруп, акыркы учурда коомдо кызуу талкууланган айрым маселелер боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирген.

Маек учурунда ал Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган Ысык-Көлдө кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын билдирген.

“Казинолор 2015-жылга чейин иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойной алчу. Жаш балдар барып күнү-түнү ойногон учурлар болгон. Айрым депутаттар ошону шылтоо кылып, казинолордун ээлерин коркутуп-үркүтүп келген. “Бизге отметка кылгыла, баланча миллион доллар алып келгиле” дешкен, бирок кумаркана ээлери мамлекетке салык төлөп жатканын айтышып, макул болбогондо бир сап мыйзам менен иштөөсүн тыйып салышкан. Мен азыр Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт деп мыйзамга киргизгиле деп жатам. Бирок чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат”, – деди Жапаров.

22-апрелде Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берген.

Бул маселе коомчулукта катуу сынга алынган эле.

Количество просмотров: 107