• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жол курууда миллиондор кымырылган. “Ак-Тилекте” унаалардын топтолуусу байкалды

5 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

“АК-ТИЛЕКТЕ” УНААЛАР КЕЗЕГИ ЖАРАЛДЫ

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнь саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда.

“Жүк ташуучу унаалар топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында унаалардын топтолуусу катталган жок.

ЖОЛ КУРУУДА МИЛЛИОНДОР КЫМЫРЫЛГАН

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун курууда 104 млн сомду кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан баасы 17 млн 763 миң 85 долларды түзгөн Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун 15,9-61-чакырымындагы курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилди.

Жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка мүлктүн жетишсиздиги, ошондой эле жолго жыштыгы төмөн болгон асфальт төшөлгөндүгү аныкталган.

Натыйжада мамлекетке 104 млн 81 миң 600 сомдук материалдык зыян келтирилген.

ЭКОЛОГИЯ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

 Азамат Темиркулов жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон билдиришкендей, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, Азамат Темиркулов Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамаатына тааныштырылган.

Белгилей кетсек, Азамат Темиркулов буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.

Количество просмотров: 81