• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жол кырсыгынан 2 жаш бала көз жумду. Төө-Ашуудагы туннель жабылат

27 Бугу 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КЫРСЫКТА 2 БАЛА КӨЗ ЖУМДУ

Чоң-Алай районунда жүк ташуу унаадагы контейнер жолдо бараткан “Портерди” басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минисрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 66-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичиндеги контейнери, карама-каршы жолдо келе жаткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен.

«Кырсыктын кесепетинен 4 жаштагы А.Б. жана 6 жаштагы А.А. аттуу балдар жана 36 жаштагы Ж.У. аттуу эркек киши каза болуп, 29 жаштагы Н.Э. аттуу эркек киши жабыркаган»,-деп айтылат маалыматта.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТУННЕЛЬ ЖАБЫЛАТ

Мал айдап өтүүгө байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жай мезгили келип, малчылар жана чабандар мал-жандыктары менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго чыгып жатат.

“Малчылар Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында тактап айтканда, Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан К.Көлбаев атындагы туннель аркылуу мал айдап өтүшөт. Ошондуктан тоннелде жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыкты сактоо менен тоннелдин эки тарабы тең убактылуу жабылып турат”, — деп айтылат маалыматта.

ТАШ КУЛАГАН ЖЕРГЕ АЙЛАНМА ЖОЛ САЛЫНДЫ

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Арал-Казарман тилкесиндеги таш кулаган жерди айланып өткөн убактылуу жол салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.

Учурда жолдун кооптуу тилкелерине тосмо коюу маселелери талкууланып жатат жана жакында ал жерге адистер барышат.

Жолдун бул тилкесине 25-майда таштар кулай баштаган жана учурда анын көлөмү болжол менен 10 миң тоннадан ашты.

Аралдан Казарманга чейинки 100 чакырымдык тилке пайдаланууга былтыр ноябрда берилген.

Количество просмотров: 10515