• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жумгалда жетекчиге иш козолду. Чүйдө киши өлтүрүүгө шектелип аял кармалды

23 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

ТАШИЕВ ТАШКЕНТКЕ БАРДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Ташкент шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болот. Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны 24-мартан 25-мартка чейин Ташкент шаарында өтөт. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 75 адамдан табылып, 51 бейтап сакайды.  Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 537 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 274 киши айыгып чыкса, 1 миң 490 адам каза болду.

ЖЕТЕКЧИГЕ ИШ КОЗГОЛДУ

Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акысын жеп алган деп шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары пайда табуу максатында мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарды жасалмалоо аркылуу айрым кызматкерлердин карталык эсебине каражат которуу жолу менен жалпы суммасы 3 миллион 062 миң 330 сом акча каражатын банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган.  Натыйжада кызмат адамдарынын кылмыштык аракеттеринин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш изи козголуп, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу аракеттери көрүлүп жатканы айтылды.

ТААНЫШЫН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун Беловодское айылында өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы аял кармалды. Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей,  21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табышкан (бычактан жаракат алган). Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган аял менен өлтүрүлгөн эркек кишинин ортосунда мас абалда чыр-чатак келип чыккан.  Учурда шектүү Москва районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 148