• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Сел жүрүшү күтүлөт. Ош базарда башаламан сооданы жоюу иштери уланууда

23 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
Кыргызстандын түштүк аймагында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, эртең, 24-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ЗЕР БУЮМДАРДЫ ТАШЫГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
УКМКнын маалыматына ылайык, 19-майда УКМК тарабынан чек ара кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле Кыргызстандын Казакстан менен мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды алып чыгуу каналын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө «Ак-Жол-Автодорожный» өткөрүү пунктунда жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксаат кагазы жок коңшу өлкөгө мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурунда Казакстандын жараны кармалган.
Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө

БАШАЛАМАН СООДАНЫ ЖОЮУ АРАКЕТИ
Ленин райондук акимчилиги Ош базарынын аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө башаламан сооданы жоюу иштерин улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Ош базары» соода борборунун айланасы — Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү тазаланды.
Рейддин жүрүшүндө жол кайгуул кызматы тарабынан мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды.
Ошондой эле башаламан соода менен алектенген жарандарга карата протоколдор түзүлдү.

Количество просмотров: 76