• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024
default

Соңку жанылыктар: Сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Асман шаарынын курулушуна старт берилет

29 Кулжа 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

АСМАН ШААРЫНЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛАТ

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман экошаарынын курулушуна старт берет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлор салат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирген.

Анда мамлекет башчысы шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашарын, аянты 4 миң гектарды түзөрүн айткан.

ИЗДЕЛИП ЖАТКАН БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

15-июндан бери дайынсыз болуп жаткан жети жаштагы баланын сөөгү бүгүн, 29-июнда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, баланын сөөгү бүгүн улантылган куткаруу иштеринин натыйжасында, сууга калкып чыгып калган жеринен табылды. Маалыматтарга караганда баланын сөөгү болжол менен ал түшүп кеткен жерде калкып чыгып калган.
Таш-Көмүр шаарынын Чапаев көчөсүнүн тургуну, 2016-жылы туулган баланы издөө иштери 15-июндан бери жүрүп жаткан. Бала менен чогуу ойноп жаткан жеткинчектер ал Нарын дарыясына бутун малып отурган жеринен кулап кеткенин айтып беришкен.

МЕГАКОМДУН МУРУНКУ ДИРЕКТОРУ КАМАЛДЫ

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов камалды. Маалыматты «Кабар» агенттигине шаардын Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын 9-августуна чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эске сала кетсек, “Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмышты жасоого шектелип кармалган.

Количество просмотров: 153