• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Социалдык өнүктүрүү министринин кызматына талапкерлер сунушталды

18 Тогуздун айы 201816:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкерлердин ысымдары аталды.
Аталган министрлик кызмат ордуна социалдык өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Кудайбердиев, “Кыргызстан” фракциясы сунуштаган Кыялбек Мукашев жана экс-министр Кудайберген Базарбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Кошумчалай кетсек, мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова дилломатиялык паспортун мыйзамсыз колдонгондугу үчүн айыпталып, кызматынан бошотулган.
Количество просмотров: 14