• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Социалдык тармактагылар Уранга каршы кол топтоодо

22 Чын куран 20199:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Акыркы маалыматтарга утурлай, социалдык тармакта: “Биз Ысык-Көлдөгү Уран казууга каршыбыз!” – аталышындагы билдирүүлөр баардык тармакта байма-бай чыгууда.

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу, Таш-Булак айылында кең казуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү тургундар экологиянын бузулушунан кооптонууда. Ал эми бийлик кең казуу иштеринде баардык коопсуздук сакталгандыгын белгилешүүдө.

Казуу иштери суунун булганышына бирден-бир себеп болуп, экологиянын булганышына алып келүү менен катар,туризм жаатына да таасирин тийгизбей койбойт. Эң башкысы келечек муунга залакасын тийгизбесе болгону.

Белгилей кетсек, «ЮрАзия» компаниясы казуу иштерин жүргүзүүгө 2010-жылы эле лицензия алган.

Количество просмотров: 16