• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Сойкулук менен алектенет” делген кыздардын жүзүн ачык жарыялоо туурабы?

29 Жетинин айы 2023 13:23 Бишкек Govori.TV

27-ноябрь күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусу менен Бишкек шаарында интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишине бөгөт коюлганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган жайдан жалпы 18 жаштан 25 жашка чейинки 67 кыз кармалган. УКМК кармалган кыз-келиндердин сүрөттөрүн ачык жарыялады.

Бул коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, ача пикирлерди жаратууда. Көпчүлүгү УКМКнын бул кадамы этикага жана моралга туура келбегенин айтышса, кээ бирлери күрөш ушундай жүрүш керектигин айтып жатат.

“Сойкулук менен алектенет” делген кыздардын жүзүн ачык жарыялоо туурабы? депутаттардын пикирин уктук.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев паспортунан бери ачык чыгаруу туура эмес деп эсептейт.

«Керек болсо кылмышкерлерди шектүү деп толук аты-жөнүн жазышпайт. Кыздардын жүзүн ачык көрсөтүү менен бүт өлкөгө уяткарганы алардын укуктары бузулду деп эсептейм. Алардын бири өз өмүрүнө кол салса ким жооп берет? Ооба, профилактикалык иш-чаралар жүрүш керек, бирок башкача жол менен. Ошол жайга барган эркектердин бетин ачыш керек»,-деди ал.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков буларга токтолду.

“Туура эмес. Эркектер кандай болсо, кыздардын акыбалы ошондой… Бүгүн алар мындай болгону менен келечекте балким такыба берекелүү аял болот эле. Биз билбейбиз эмнеден улам ушул жолго түшүп кеткенин. Ушундай мамиле болбош керек болчу, адамды абийри эң кымбат нерсе. Балким ойлонууга бараткан кыз болсо, алар эмне болот, эртең-бүрсүгүнү өз өмүрунө кол салса эмне болот? Туугандары, ата-энеси кандай акыбалда калды, эл караган бети жер карады. Ошондуктан бирөнүн айыбын ачсаң, өзүңдүн айыбың ачылат, ал турган маселе. Сойкулук деген бир сыпат, аны кетирсең ал деле жакшы кыз болот болчу. Өтө өкүнүчтүү иш болду”,-деди ал.

Ал эми депутат Эрулан Көкүлов мамлекет ар бир жарандын жеке коопсуздугун коргоосу керектигин айтты.

“Жеке жашоо деген коомчулукка тарабай турган нерсе. Бул ачыкк чыкпаш керек болчу, биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Менин оюмча соттун чечими чыга ээлекте андай нерселерди кылганга болбойт. Адамдын бетин көсөтүп… эми сойкуканадан чыгып жатса эле сойку деп далилденген эмес да. Бул Кыргызстан үчүн терс көрүнүш болду. Мамлекет ар бир жарандын жеке коопсуздугун коргоосу керек”,-деп билдирди депутат.

Количество просмотров: 6184