• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Сокеев: Суунун тартыштыгы мөңгүлөрдүн эрибей калышы менен байланыштуу

16 Кулжа 202115:31 Бишкек Govori.TV

 Мөңгүлөр жетиштүү деңгээлде эрибей жаткандыктан суу тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев билдирди.

Анын айтымында, Ала-Арча дарыясы 3 куб метр суу берип жатат. Ал 9 миң гектар жерди суу камсыз кыла албайт.

«Тоодон 2 – 2,5 эсе аз суу агып түшүүдө. Бүгүнкү күндө суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки, эки жарым эсеге аз болууда. Буга мөңгүлөрдүн эрибей калышы себеп. Сууну бөлүштүрүүдө дыйкандарды кезекке коюп жатабыз», — деди Сокеев

Количество просмотров: 253