• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Сокулукта 3 гектар арпа жана курулуш материалдары өрттөнүп кетти

12 Теке 202423:15 Бишкек Govori.TV

Сокулукта 3 гектар арпа жана курулуш материалдары өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, өрт Бишкек шаарынын Ак-Ордо 3 конушунда эмес, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында чыккан.

Өрт саат 22:04тө толук өчүрүлдү. Андан жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө саат 20:37ден тарта жалпы эки күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен 3 гектар арпа жана талаанын четинде жаткан 3 куб курулуш материалдары өрттөнгөн.

Количество просмотров: 126