Сокулук районунда 42 жаштагы киши өз кызын зордуктоого шектелүүдө.
Чүй ОИИБден кабарлашкандай, 24-декабрда 1987-жылы туулган Б.Е. аттуу аял милицияга кайрылып, 23-декабрда таңкы саат 07:00дөр чамасында 1980-жылкы У.Э. аттуу жолдошу Күн-Туудагы үйүндө 2009-жылы туулган кызына күч колдонуп зордуктагандыгын билдирген.
Факты катталып, «зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, камакка алынган.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.