• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сокулукта айдоочуну сөккөн инспектор иштен айдалды

22 Кулжа 2021 15:54 Бишкек Govori.TV

Сокулук райондук ички иштер органы боюнча жол кыйлымылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору айдоочуга туура эмес мамиле жасагандыгы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ЖКККББ басма сөз кызматы билдирди

17-июнда социалдык тармактарга Сокулукта инспектордун айдоочуну сөгүп жаткан видеосу тараган. Ал нөөмөттө туруп айдоочуга кайрылууда өзүнүн үлгүсүздүгүн көрсөткөн.

Ушуга байланыштуу ИИМ ЖКККББ тарабынан инспекторго карата кызматтык иликтөө башталган. Жыйынтыгында КР укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы үчүн, кызматтык милдеттерин туура эмес аткарып, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн аталган инспектор Э.Э. ээлеген кызматынан бошотулган.

Мындан тышкары, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы боюнча Жол кайгуул кызматынын башчысы А.Э. тарабынан начар көзөмөл үчүн сөгүш түрүндө тартиптик жаза белгиленди.

Количество просмотров: 2273