• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эсеп палатасынын түштүк бөлүмүнүн башчысы кармалды

5 Баш оона 202510:30 Бишкек Govori.TV

2025-жылдын 9-июлунда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, жергиликтүү бийлик башчылары менен жыйын өткөрдү, Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратовго кол алдындагылардын коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендиги тууралуу сурап, ага инспекторлору кызматтан кетүүгө даяр эместигин тастыктап, жооп кайтарган.

700 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы боюнча КР УКМК тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР УКМК тарабынан Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору Б.М.Ы. жана анын ортомчусу Кыргыз Республикасынын жараны Т.М.Ж. кармалды.



УКМКдан тактагандай, Эсеп палатасынын инспектору Б.М.Ы., Тогуз-Торо районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүү жүргүзүү учурунда айыл өкмөттөрдүн биринде майда каржылык мыйзам бузууларды аныктап, мыйзам бузууларды жашыруу үчүн башкы эсепчиден 700 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин «Пара талап кылуу» кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан улам, кол алдындагы кызматкери пара алып кармалгандан кийин А.Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Количество просмотров: 873