• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Сокулукта алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

14 Чын куран 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-февраль күнү Сокулук РИИБине 1975-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек кишиге жана аны менен чогуу жүргөн жарандарга карата чара көрүүнү суранган. 2021-жылдын ноябрь айында алар жабырлануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкесин үй салууга мүмкүн экендигине айтып, сатышкан. Натыйжада арыз ээсине жалпы суммасы 450 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1970-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 75