• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сокулукта аялын өрттөп ийди делген жаран кармалды

28 Бирдин айы 2020 13:50 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районунда аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

12-февралда Сокулук районунун аймактык ооруканасына 42 жаштагы жергиликтүү тургун (аял киши) күйүк менен түшкөн. Ал кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийинки күнү каза болгон.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, маркум аялдын 46 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү кармалды. Ал жаран Жазык кодексинин 130-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмышка шектелип жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя болгон күнү шектүү үйүнө мас абалда барган. Ал аялынан тамак бышырууну суранган. Шектүү аялынан тамакты тез бышыр деп талап кылып, ага күйүүчү май чачкан. Андан кийин тамакты жаратылыш газдын үстүнө кой деп талап кылып, газды күйгүзгөн. Газ күйгөндө аялы күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 148