• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сокулукта чыккан суусундуктар Кытай, Казакстан, Тажикстанга экспорттолууда

12 Жетинин айы 2019 18:44 Бишкек Govori.TV

«Голден дринкс» — Кыргызстандагы суусундук чыгарган ири компаниялардын бири. 2013-жылы негизделген өндүрүштүк ишкана бүгүнкү күндө 100 гө жакын жаранды жумуш менен камсыз кылып, суусундуктардын 28 жана сыранын 4 түрүн чыгарат.

Өндүрүлгөн продукция Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Кытайга экспорттолот. Аталган ишкана Бишкек шаарынан алыс эмес Сокулук районуна караштуу Шопоков айылында жайгашкан.

Ишкананын башкы технологу Улан Акматовдун айтымында, суусундук чыгарууда сапатына кылдат көңүл бурулат. Суусундукка кошулуучу суу 150 метр тереңдиктен алынып, 4 жолу тазаланат. Суусундук даяр болгон соң сапатын текшерүү үчүн адистер атайын лобораториядан өткөрөт. Ал жактан суусундуктун буралган капкагынан тартып, түсүнө чейин толук курамы текшерилет.

Суусундукту чыгарууда ишкананын ичинен тартып колдонулган техникага чейин таза болушу зарыл. Баарын заманбап автоматташтырылган техника аткарат.

Бул кадам өндүрүштүн сапатынын стабилдүүлүгүн сактап, өндүрүштүк жараксыз суусундуктардын алдын алууга жардам берет.

Аталган компаниянын чыгарган товарларынын сапатына мамлекет жогорку баасын берип, «Сапат» сыйлыгын ыйгарган.

Кошумчалай кетсек, «Голден дринкс» «АЮ Холдинг» ассоциациясынын курамында. Холдинг 2003-жылы түптөлгөн, анын президенти Шаршенбек Абдыкеримов. Аталган мекеме жылына бюджетке 500-600 млн сом салык төгөт.

Количество просмотров: 561