• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сокулукта дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз изделүүдө

22 Бирдин айы 2022 13:02 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 2006-жылы туулган Нагия Имашова изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Нагия Имашова 21-февралда саат 16:30дар чамасында Сокулук айылынын Калинин көчөсүндөгү мектептен чыккан бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы жана көзү күрөң.

Кийими: ак түстөгү күрмө, кара классикалык шым, ак көйнөк, кызыл жемпер, кышкы бут кийим.

“Нагия Имашованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 463